Туу күнү
Д.Шопоков атындагы орто мектебинде 3-март 2023-жылы “Туу күнү” белгиленди. Эртең менен саат 8.00 мектептин туусу, жаңы туу менен алмаштырылды. Сабакты КРнын гимни ар бир класста ырдоо менен башталды. Туу күнүнө карата дубал газеталар чыгарылып илинип, мектептин фаесинде 5-класстын класс жетекчиси Оторбаева Н.Д. чакан, мыкты деңгелде даярдалган Туу кунунө жана кыргыздын баш кийми “Ак калпак” күнүнө арналган концертик программасы уюштурулду. 1-11-класстарда ачык тарбиялык классттык сааттар өтүлдү. Түзүлгөн план боюнча ар бир класстын окуучулары Кыргыз Республикасынын туусун тартып, кийизден жана ар кандай тактайларга түшүрүп келип, ачык саатта айтып беришти. Ачык класстык тарбиялык саатардын ичинен 5-класстын жана 4-класстын сабактары көргөзмөлүү эң мыкты деңгелде өтүлдү. Сабактан кийин мектептин 2-11-класстын окуучулары тартып келген, жазап келген тууларды көтөрүп “Туу маршыда” басышты. Фото жана видеоотчет жасалды.
Комментарии