Д.Шопоков атындагы орто мектеби
Ата энелер менен иш алып баруу.
Тарбиянын башаты үй -бүлɵɵ. Ата –энелер –эң алгачкы тарбиячылар. Бирок баланы тарбиялоо боюнча баардык эле ата –энелердин билимдери, тажрыйбалары бирдей эмес. Ошондуктан, класс жетекчи, тарбиячы ата –энелерге балдарды тарбиялоо боюнча агартуу иштерин ɵткɵрɵт. Окутуу- тарбиялоо процессине, класс коллективин башкарууга ата –энелерди тартуу иштери жүргүзүлɵт. Класс жетекчи класс коллективин жакшы окуп-үйрɵнүү үчүн ата –энелерди тартуу иштерин жүргүзɵт. Класс жетекчи класс коллективин жакшы окуп-үйрɵнүү үчүн ата- энелерден тɵмɵнкүдɵй маалымат алат.
Эмнени билет? | Эмнеге кɵңүл буруу керек? | Эмнеге жетишти? |
Окуй алат | Тентек | |
Сүрɵт тартат | Жоош | |
Ырдайт | Кɵзү начар кɵрɵт | |
Жакшы бийлейт | Сурамайынча жооп бербейт. |
Ата –Энелер чогулушун ɵткɵрүүгɵ кенештер
- Ата – энелер чогулушун кɵйгɵйлүү темадан баштаныз.
- Ата –энелер менен агартуу иштерин жүргүзүнүз.
- Эч убакта окуучунун сабакта жетишүүсүнɵн баштабаныз.
- Сындабаныз.
- Активдүү эмес ата- энелерди уят кылбаныз, аларга убакыт керек.
- Чогулуштун аягында, эмки чогулушта, кандай суроолор каралаарын, кызыктуу болоорун айтыныз. Кээ бирɵɵнɵ тапшырма бериниз.
- Бир жылга ата –энелер менен иштɵɵ боюнча план түзүнүз.
- Ачык тарбиялык сабактарга, конкурстарга ата-энелерди чакырып турунуз.
Ата –энелерге кенеш берүү( жекече жана топ менен)
- Ата- эне менен сүйлɵшүп алып, бир убакытты белгилеп жолугушунуз.
- Өзүнүздү кармай билиниз, маданияттуу болунуз.
- Конфликтен алыс болунуз.
- Баласын мактаган ата–энеден чыдап угунуз.
- Таарынтпаныз.
- Конфиликтүү ата – эне менен жекеме жеке сүйлɵшүнүз.
- Чай же кофе ичип сүйлɵшсɵнүз дагы жакшы натыйжа берет
Ата – энелер бурчу.
Жакында класста(спектакль болот ж.б.). | Убактылуу үйгɵ алсанар болот (Класс жɵнүндɵ тартылган видео материалдар) | Жылмайып коюнуздар (окуучулардын сүрɵттɵрү) |
Катышсаныздар болот. | Класстагы жакшы иштер | Ата-энелердин сүрɵттɵрү |
Окуп алгыла | Жанылыктар. «Насывайдын зыяны» | Ата- энелер комитети |
Ата –энелерге педагогикалык –психологиялык дигностика жүргүзүү.
- Ата –энелерге берилүүчү суроолор:
- 1. Сиздин баланыз кайсы сабактарды оной ɵздɵштүрɵ алат.
- 2. Уй тапшырманы аткарууда кайсы сабактардан кыйналасыздар?
- 3. Сиздин баланызга класс жетекчи, тарбиячы, мугалим тарабынан кандай жардамдар керек?
- 4. Сиз сабак берген мугалимге, класс жетекчиге, тарбиячыга кандай жардам бере аласыз?
- Сиз окуу жылындагы баланызга кандай темадагы класстык сааттардын ɵтүлүшүн каалайт элениз?
- 6. Ата –эне, класс жетекчи, тарбиячы, мугалим, окуучу катышкан кандай иш чаранын болушун сунуш кыласыз? (М: экскурция, театрга баруу ж.б.)