Дүйшөнкул Шопоков атындагы орто мектебинин тарбия иштеринин
максаты жана милдети:
- Мекенге берилгендиктин духунда, Мекенди коргоого, элин-жерин сүйүүгө, достукта жашоого, ынтымакта, жаратылышты ыйык сактоого, элибиздин эртеңин ойлогон чыныгы инсандарды тарбиялоо.
- Мугалимдердин жана окуучулардын ар тараптуу өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү жана шарт түзүү.
- Класс жетекчилердин ата-энелер менен тыгыз иш алып баруусун көзөмөлдөө.
- Класс жетекчилердин жана предметтик мугалимердин класстык сааттарды, класстан тышкаркы иш-чараларды, тегерек столдорду, тренингдерди, конференцияларды, диспуттарды өткөрүшун көзөмөлдөө .
- Мектеп ичинде план боюнча класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүү.
Иштин багыттары
- Атуулдук-патриоттук;
- Этикалык жана кѳркѳм-эстетикалык;
- Спорттук-ден соолукту чыңдоочу;
- Укук бузуунун профилактикасы;
- Тарбиялоо процессине үй-бүлѳнү тартуу