Мектептин тарыхы
Дүйшөнкул Шопоков атындагы орто мектеби. 1928-жылы айылда кичинекей 4-класска чейин окуй турган мектеп болгон. 1931-жылы жол астына башка мектеп курулган. Мектеп төрт жылдык болчу. 1945-жылдан баштап толук эмес 7 жылдык мектеп болгон. 1964-жылдан баштап мектеп 8 жылдык билим берүү мекемесине айланган. 1968-1981-жж. Алымкулов Курманбек мектеп директору болуп иштеди. 1980-жылы Шалта айылында жаңы, 2 кабаттуу жаңы типтүү мектеп курулган. Жаңы мектептин курулушуна Алымкулов Курманбек агайдын кошкон салымы зор. 1982-1983-жж. Жаналиев Токторбек директор болуп дайындалган. 1983-2015-жылдары Усукеева Айым Ургазиевна мектеп директору болуп 32 жыл жигердүү эмгектенди. 2015-жылдан баштап мектеп директору болуп Сатылганов Жаныбек дайындалды. 2016-ж Усукеева Айым атындагы фонд ачылган. Химия-биология предмети боюнча жакшы ийгиликтерге жетишкен окуучуларга атайын стипендия берилип турат. Мектепте 190 окуучу билим алып жатат, 17 мугалим эмгектенет. Алар: Усукеева Айым, Алышова Раиса, Шергазиева Суракан, Бердигулова Анара, Картаңбаева Нурзада, Оморова Айнура, Сатылганов Жаныбек, Оторбаева Насихат, Исмайылова Күлсайра, Суерова Аннар, Суюмбекова Чынара, Колдеева Айжан, Ияскарова Роза, Эдилбек к Баян, Темиркан к Назира, Мамакеева Айзада, Байсалбекова Асель. Биздин ардагер мугалимдер:Алымбекова Жанар, Жаналиев Токторбек, Бүргөбаева Азия, Аманкулова Шакен, Санжырова Асылкан, Алымкулов Курманбек, Усукеева Айым, Көбөгөнова Клара, Асанбекова Токтосун, Исмаилбекова Ажар, Садыкова Райкүл, Райымбекова Гулмира. Отличник наамына ээ болгон мугалимдер: Усукеева А. ,Садыкова Р. , Суерова А., Оморова А., Оторбаева Н., Бердигулова А., Исмайылова К., Шергазиева С. 2015-2016-о.ж.баштап ЖРТ тен 110 баллдан ашкан окуучуга Д.Шопоков жана К.Шопокова атындагы стипендия уюштурулган. Стипендия демөөрчүсү Шалта айылынын тургуну генерал-майор Кубатбеков Курманбек . 2016-2017-о.ж. баштап мектепте “Китеп окуу” сынагы өтүп турат .Сынактын демөөрчүсү — Д.Шопоков мектебин күмүш медаль менен бүтүргөн, Медицина илиминин доценти Иманалиева А.Ж. Математика сабагын жакшы өздөштүргөн окуучуларга жыл сайын айыл тургуну Бейшеналииев И.М тарабынан стипендия берилип туратт.