Исмайылова Күлсайра Сандаловна

2017-жылы   Сокулук  районунун Маданият үйүнүн  кызматкерлери  тарабынан өткөрүлгөн  “Адеп  башаты  ападан “  кароо –сынагына активдүү   катышып,  бул топ  район ичинде  3- орунга  ээ болду.

Борборубуздагы Филармониянын    сахнасында 300 апа  катышкан  чоң  концертте  атактуу  жердешибиз, Социалисттик Эмгектин  Баатыры- Керимбүбү   Шопокованын  образын  жарата  алды.  “Зууракандын  синдилери “  деген  топ  менен   Республикалык   теле –проект  Шайыр  апалар  конкурсуна  катышып , Ош  шаарында  өткөн  чоң  фестивалга  катышып келди.

2018-жылы  Чолпон –Ата  шаарында,  Кырчын  жайлоосунда  өткөн  Бүткүл   Дүйнөлүк  Көчмөндөр   оюнунда  Маданияттын мыкты кызматкери Айымкан  Жаманкулованын  жетекчилиги  менен “Сары  өзөн”  айылынын  тобунда  Солто  баатыр  тууралуу  санжыраны    аткарууда  негизги  каармандын  ролун  аткарып  келди.

2022-жылы Калктын кадырман инсаны аттуу номинацияга ээ болду