Манас ,Семетей,Сейтек уюмдарына окуучулардын кабыл алынышы
Д.Шопоков атындагы орто мектебинин “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” балдар уюмдарына кабыл алуу салтанаттуу иш чарасы
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адепахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнундө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-февралындагы “2021-2026-жылдарга инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнундө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 15 август 2023жылдагы №286 – б буйруктун негизинде Чүй областындагы Сокулук билим берүү бөлүмүнө караштуу баардык мектептерде “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” балдар уюмдарына кабыл алуу салтанаттуу иш чарасы уюштурулду.
Д.Шопоков атындагы орто мектебиде 29-сентябрда саат 10.00до башталды. Биринчиден иш чарага келеген коноктор тааныштырылып, КРнын гимни жаңырды. Салтанаттуу иш чара алгач “Манас “ айтуу менен башталды. Окуучулар “Манас” атабыздын жети осуятын айтышып, уюмдардын туулары салтанаттуу түрдө чыгарылды. Ар бир уюм өздөрүнүн ураандары жана анттары айтылып, жагоолору тагылды. Д.Шопоков атындагы орто мектебинин директору Сатылганов Джаныбек Джолбунович белгилей кеткендей бул уюмдарга өтүү үчүн Сокулук билим берүү бөлүмү тарабынан жана мектептерде толкундануу менен көп даярдыктар болду. Ар бир уюмдун өздөрүнүн урааны, анты, милдеттери, принциптери, туулары , төш белгиси, жагоосу жана баш кийми болгондуктан, “Манас”, “Семетей” , “Сейтек” уюмдарынын окуучулары бири – биринен айрымаланып турат. Ушул балдар уюмунун катарына өтуп жаткан ар бир окуучу: “ Өзүмдүн ата-энемдин, агай-эжейлердин жана жолдошторумдун алдында Мекенимди сүйүүгө жана аны көздун карегиндей сактоого, айкал Манастын осуяттары менен жашоого, окуудагы бийик жетишкендиктерге жетүүгө, улууларды урматтап, кичүүлөрдү ызаттоого жана достукка бекем турууга ант беремин” деп ант беришет. Уюмга өткөн окуучуларда патриотуулук сезим пайда болот деген ишенимдебиз, себеби окуучулар өздөрүнүн милдеттерин кызыгуу менен сурап, таанышып үйрөнүштү. Ошондой эле 9-класстын “Манас” өспүрүмдөр уюмунун класс жетекчиси Ияскарова Роза Мажиевнанын айтымында: “Балдар өздөрү ант берип жатканда жана туулар чыгарылып жатканда өзгөчө бир башка сезимдер пайда болгонун айтышкан. Эгер окуучулар арасында жакшы уюштуруучулук иштер жүргүзүлсө, кылмыштуулук азайып, мектеп окуучулары бири-бири менен тыгыз иш жүргүзүшсө балдар үчүн да жакшы, мекенди сүйүүгө сезим ойгонот.Калган уюмга өтпөгөн балдар да, өтүүгө даярданышып, кызыгуу менен карашты. Баардык окуучуларга окуудагы ийгиликтерди жана ден соолук, үй бүлөлөрүнө жакшылык каалайм!” деп айтып ойюн бөлүштү. Мына ушундай жакшы иш чаралар, окууда да жакшы ийгиликтерди жаратып, балдардын жан дүйнөсүндөгү жакшы сезимдерди ойготсо экен.
Комментарии